«Манас» коронавируска карата айрым авиакомпаниялардын рейстеринен баш тартты
«Манас» коронавируска карата айрым авиакомпаниялардын рейстеринен баш тартты
17 Жалган куран 2020 10:30 Бишкек Govori.TV
«Манас» аэропорту коронавируска карата айрым авиакомпаниялардын рейстеринен баш тартты. Бул тууралуу эл-аралык «Манас» аэропортунун пресс-кызматы маалымдады.
«Манас» аэропортундагы баш тартылган рейстер төмөнкүлөр:
«Түштүк кытай авиакаттамы!» (China Southern Airlines)
Каттамдар Урумчи — Бишкек —Урумчи маршруту аркылуу жүрөт. Бул каттам 2-февралдан тартып толук түрдө токтотулган.
«Флай Дубай» (Fly Dubai)
Бул каттам Дубай — Бишкек — Дубай маршруту аркылуу жүрөт.
17-18- 19-21- 23- 26-марттагы жүргүнчүлөрдүн каттамы токтотулду.
«Эйр Арабия» (Air Arabia)
Шарджа — Бишкек — Шарджа маршруту аркылуу өтүүчү каттамы 10-марттан 15-апрелге чейин токтотулду.
«Эйр Астана» (Air Astana)
Нур-Султан — Бишкек — Нур-Султан каттамы март жана апрель ичи жабык болот.
Алматы — Бишкек — Алматы маршруту 18 марттан тарта жабылат.
«Өзбекстан авиакаттамы» (Uzbekistan Airways)
Ташкент — Бишкек — Ташкент маршруттук каттамы ишемби күндөрү боюнча 16-марттан 28-мартка чейин жана 6-апрелден 27-апрелге чейин токтойт. Шаршемби кундөрү 1-апрелден 22-апрелге чейин.
«Азимут»
Ростов-на-Дону — Бишкек — Ростов-на-Дону каттамы 11-марттан 25-мартка чейин токтотулган.
«Авиа траффик компани» (Avia traffic)
Бишкек — Дели — Бишкек аба каттамы 15-19-26-мартта жана апрель ичи токтотулду.
—Бишкек — Стамбул — Бишкек маршруттук каттамы 19-22-26-30-март кундөрү жана 2-3-5-6-9-10-12-13-16-17-апрель кундөрү токтотулду.
—Бишкек — Санкт-Петербург — Бишкек маршруттук каттамы 21- 28 март күндөрү жана 4-11-15-18-апрель күндөрү токтотулду.
«Вареш Эйрлайнс» (Varesh Airlines)
Тегеран — Душанбе — Бишкек — Тегеран каттамы 25-февралдан тартып токтотулган, кайсы мөөнөткө чейин тактала элек.
«Ош» аэропорту
«Ош» эл-аралык аэропортунда 10-марттан 1-апрелге чейин Эль-Кувейт — Ош — Эль-Кувейт жана Jazeera Airways авиакомпаниясынын каттамдары убактылуу токтотулду.