• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Мамлекеттик авиакомпания жоюлду

18 Чын куран 202511:58 Бишкек Govori.TV

Президенттин иш башкармасына караштуу “Эйр Кей Жи” авиакомпаниясы жоюлду. Тиешелүү токтомго Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.

“Эйр Кей Жи” 2023-жылы Президенттин иш башкармасына өткөрүлгөн. Ишкана ага чейин “Манас” эл аралык аэропортуна караштуу болчу.

Юстиция министрлигинин маалыматы боюнча, «Эйр KG» мамлекеттик ишканасы, анын негизги ишмердүүлүгү жүргүнчүлөрдү ташуучу аба транспортун эксплуатациялоо болуп саналат. Мамлекеттик ишкананын негиздөөчүсү — Президенттин Администрациясы, директору Тыныбеков Элдияр Сабырович.

“Эйр Кей Жинин” сайтындагы маалыматка караганда, туунду компания 2013-жылы сентябрда “Манас” аэропортунун директорлор кеңешинин чечими менен негизделген.

Мындай чечим “Кыргызстанды 2013-2017-жылдарга туруктуу өнүгүүнүн улуттук стратегиясында” каралган максаттарды ишке ашыруу үчүн кабыл алынып, компанияга өлкөнүн транспорттук дараметин жакшыртуу тапшырмасы коюлган.

Количество просмотров: 277