• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Манасчы Дөөлөт Сыдыковду аэропорттон кимдер тосуп алышты?

7 Аяк оона 202118:40 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 7-сентябрда «Гиннесстин рекорддор китебине» кирүү үчүн Москва шаарында 5 күн, 5 түн «Манас» айткан Дөөлөт Сыдыков Бишкекке кайтып келди.

Аны аба майдандан Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев, Мамлекеттик катчы Чолпонбек Абыкеев, жакындары менен күйөрмандары тосуп алышты.

31-августта айтып баштаган манасчы кыска убакыттагы тыныгуулардан тышкары 111 саат “Манас” айтты.

Сыдыков 29-августта Москва шаарына учуп кеткен. Иш-чарага Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги жана Кыргыз диаспора кеңеши колдоо көрсөттү.

Эске салсак, Сыдыков былтыр ноябрь айында «Ала-Тоо» аянтында ордунан жылбай 14 саат 27 мүнөт тынбай “Манас” айткан.

Количество просмотров: 1129