• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Марат Иманкулов: Кимге добуш берериңерди бир гана өзүңөр чечесиңер

28 Жетинин айы 2021 9:42 Бишкек Govori.TV

Мамлекеттик кызматкерлердин үгүт иштерине катышуусун, партия жана талапкерлер менен иштөөсүн жоюуга аракер көрдүк. Бул тууралуу Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов брифингде билдирди.

Анын айтымында, мыйзам бузган учурлар катталып, укук коргоо органдары тарабынан кармалды.

“Акыркы күндөрү мурункудай добуш сатып алууга болгон аракеттердин саны кескин жогорулап кетти. Шайлоочуларга кайрылат элем, добушту акча менен сатып алган талапкерлер парламентте таза иштеп береби? Элге кызмат кылам дегендер мындай ыкма колдонбойт. Кимге добуш берериңерди бир гана өзүңөр чечесиңер”, — дейт ал.

Белгилей кетсек, бүгүн, 28-ноябрда, саат 08:00дө өлкө аймагында жана айрым чет өлкөлөрдө Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо башталды.

Жаңы мыйзамга ылайык, бирдиктүү шайлоо округунан пропорционалдык система боюнча 54 депутат, ал эми бир мандаттуу шайлоо округунан мажоритардык система боюнча 36 депутат шайланып келет. Жалпы 90 мандат берилет.

Количество просмотров: 87