• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Коопсуздук кеңешинин катчысы чек арадагы окуяны Тажикстандын «куралдуу агрессиясы» деп баалады

19 Аяк оона 2022 15:35 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 19-сентябрда Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов журналисттерге маалымат жыйын куруп, чек арадагы окуяны Тажикстандын «куралдуу агрессиясы» деп баалады.

«14-сентябрда эртең менен Баткендин Булак-Башы тилкесинде ок атылган. Көп өтпөй тажикстандык чек арачылар Баткендин Как-Сай жерлигиндеги “Достук” жана Паскы-Арык жерлигиндеги “Самаркандек” чек ара заставасына ок чыгарышкан. Төрт-Көчө жерлигинде Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусунун жыйынтыгында бир катар макулдашууларга жетишилген. 15-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында абал салыштырмалуу туруктуу деп мүнөздөлгөн. Бирок 16-сентябрда саат 06:00дө тажик тарап КР УКМКнын Чек ара кызматынын Эки-Таш, Чыр-Дөбө, Кум-Мазар жана Орто-Боз жергелериндеги чек ара отрядын жана кыргыз тараптын позицияларын аткылай баштаган.
Саат 06:30да тажик тарап Баткен чек ара отрядынын «Көк-Таш» чек ара бекетинин көзөмөлүндөгү тилкени миномет менен ата баштаган. Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын бардык периметри боюнча куралдуу кагылышуулар болуп, тажик тарап оор бронетехниканы колдонгон. Мындай жагдайды «тажик тараптын агрессиясы жана кылмышы» деп атаса болот. Бүгүнкү күндө жеринде тийиштүү органдардын өкүлдөрүнөн турган ыкчам тергөө топ иштеп жатат. Кыргызстан маселени дипломатия жолу менен гана чечүүнү көздөйт» ,-деди Иманкулов.

Белгилей кетсек, кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышуудан 59 кыргызстандык каза болуп, жүздөн ашуун жаран жабыркады.

Баткен районунун Кызыл-Бел, Көк-Таш, Тамдык жана Төрт-Көчө участкасынын, Лейлек районундагы Кулунду, Достук, Максат, Сада 1, Акчечек, Катта-Туз, Маданият, Ленин жана Жаңы-Жер аймактарынын 136 миңден ашык тургундары коопсуз жерге эвакуацияланды.

Количество просмотров: 147