• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

«Айып пул салынат». Маданият министринин орун басары талапкерлерге кайрылды

6 Тогуздун айы 202516:17 Бишкек Govori.TV

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирүү жазып, алдыдагы шайлоого аттанган талапкерлерге кайрылуу жасады.

Ал белгилегендей, интернетте жана жалпыга маалымдоо каражаттарында жалаа жабууга, мазактоого айып пул салууну караган мыйзам ушул жылдын 10-февралында күчүнө кирген.

“Арызды ИИМ кабыл алып, протокол түзүп, сотко жиберет. Сот жалган маалымат таратты деп тапса, 20 миң сом, андай маалыматты чыгарган медиага 65 миң сом айып пул салынат”, — деди ал.

Количество просмотров: 275