• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Марина Эдигеева: Аялдардын жана балдардын укуктарын коргоо ишмердигинин өнүгүүсүнө салым кошкум келет

14 Жалган куран 2020 12:05 Бишкек Govori.TV

“GOVORI.TV” мультимедиялык маалыматтык агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын” аталышындагы телевизиондук ток-шоусунун алкагында Кыргызстандагы айымдардын лидерлик дараметин калыптандыруу максатында тренинг өткөрдү. Ага өлкөбүздүн 7 дубанынан алдыңкы айымдар келген. Алардын бири Марина Эдигеева.

Марина Эдигеева аялдардын жана балдардын укуктарын коргоо ишмердигинин өнүгүүсүнө салым кошкусу келет.

«Кесип тандоодо жаңылышкан жокмун деп айтсам болот. Көп жылдан бери адам укуктарын коргоо боюнча иш алып барам. Ошол эле учурда жактоочулук кесиптен тышкары аялдардын жана балдардын укугун коргоо менен алектенем. Бүгүнкү күндө Бириккен Улуттар Уюмунун аялдар түзүмүнүн Талас облусундагы гендердик теңчилик боюнча координатор болуп эмгектенем. Эгер мен саясатка бара турган болсом, балдар жана аялдарга карата кылмыштардын себептерин аныктамакмын. Аларды болтурбоо аракеттерине көңүл буруп, ошонун үстүнөн иш алып бармакмын»,-деди Эдигеева.

Количество просмотров: 5822