29-30-31-май күндөрү “GOVORI.TV” мультимедиалык маалымат агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын” телевизиондук ток-шоусунун алкагында 12-окутуу иш-чарасын өткөрдү. Ага Ош, Жалал-Абад, Чүй, Талас, Бишкек, Баткен, Нарын, Ысык-Көл облустарынан келген 17 айым катышты. Алардын бири Мастура Бакирова.
«3 күндүк окутуу иш-чарасында таасирдүү нерселер көп болду. Жүрүм-турум, сүйлөө маданияты боюнча сабак алдык. Менин артымдан дагы лидер аймыдар чыкса экен деген максат пайда болду. Кыргызстанды кыйын айымдар аркылуу дүйнөгө таанытууга тилектешмин»,-деди Бакирова.