• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Марипов балдарга сабак өтөт

14 Аяк оона 2021 12:50 Бишкек Govori.TV

Эртең, 15-сентярда Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Чүй облусундагы мектептердин бирине барат. Бул тууралуу ал Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Маалыматка караганда, Марипов балдарга «Ачык сабак» өтөт.

«Окуунун биринчи күнү балдардын эсинде калышы керек. Салтка айлангандай, бул күнү «Ачык сабактар» өтүлөт. Мен Чүйдөгү мектептердин бирине барып, балдарга сабак өтүүнү пландап жатам. Менин орун басарларым жана Министрлер кабинетинин мүчөлөрү башка мектептерде да сабак өтүшөт. Мага да, балдарга да кызыктуу болот деп ойлойм», — деди Марипов.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 2021-2022-окуу жылы 15-сентябрда башталат.

Количество просмотров: 169