• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Марипов: Финпол ИИМдин карамагына өтпөйт

3 Бирдин айы 2021 13:37 Бишкек Govori.TV

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматы (Финпол) Ички иштер министрлигинин карамагына өтпөйт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында премьер-министр кызматына талапкер Улукбек Марипов билдирди.

Анын айтымында, учурда Финпол маселеси талкууланууда.

«Финполиция ИИМдин карамагына өтпөйт. Ал өзүнчө орган болушу мүмкүн. Бирок алардын текшерүүлөрүнө көптөгөн суроолор жаралууда. Финполдун функциясын карап чыгуу керек», — дейт ал.

Депутат Улан Примов Финполиция Салык кызматынын алдында департамент катары түзүлүшү керектигин белгиледи.

Количество просмотров: 1327