• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Марипов иш сапары менен Баткенге барды

22 Бугу 2021 16:39 Бишкек Govori.TV

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов иш сапары менен Баткен облусунда барды.

Ал Кадамжай шаарында убактылуу иш алып барып жаткан Калкты тейлөө борборунун иши менен таанышты.

«Бүгүнкү күндө өлкөбүз өнүгүүнүн туура жолу тандалган этапта турат. Жолдор, каналдар, мектептер жана бала бакчалар курулуп жатат. Ошол эле учурда биз калктын башка муктаждыктарын да эстен чыгарбайбыз. Жалпыңыздарга белгилүү болгондой, Баткен шаарында гана жалгыз Калкты тейлөө борбору иш алып барчу. Аймактын тургундары үчүн тейлөө борборунун иши канчалык маанилүү экендигин эске алуу менен Кадамжай, Исфана жана Кызыл-Кыя шаарларында аталган борборлорду ачуу чечими кабыл алынды. Бүгүнтөн тарта Кадамжай районунун тургундарына өз аймагында тейлөө көрсөтүлөт», — деди Улукбек Марипов.

Министрлер кабинетинин башчысы белгилегендей, жакын арада Баткен облусунун көрүнүшү өзгөрүшү керек. «Өлкө парламентине Баткен облусуна өзгөчө статус берүү жөнүндө мыйзам долбоору киргизилди. Бул чектеш айылдардын ыкчам темпте өнүгүүсүнө көмөк берет», — деп белгиледи Министрлер кабинетинин төрагасы.

Андан соң Марипов Кадамжай шаарындагы М.Нургазиев атындагы каналга барып, канал жээгиндеги бетон бордюрларынын курулуш долбоору менен таанышты. Улукбек Марипов белгилегендей, дыйкандарга сугат сууга жеткиликтүү болушу үчүн ишти тез арада баштоо зарыл.

Количество просмотров: 113