• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Мариповдун Талас облусуна болгон иш сапары жыйынтыкталды

31 Теке 202117:16 Бишкек Govori.TV

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Мариповдун Талас облусуна болгон иш сапары жыйынтыкталды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Иш сапардын жүрүшүндө министрлер кабинетинин башчысы Бишкек — Ош унаа жолундагы реконструкциялоо ишин, Өтмөк ашуусундагы Суусамыр — Талас — Тараз жолунун абалын текшерип, Жерүй кениндеги Талас алтын комбинатынын иши менен таанышты. Ошондой эле жарандардын арыздары боюнча Көк-Кашат айылындагы Атай Огонбаев атындагы мектептин абалын текшерди, Шекер айылындагы «Чынгыз-Ордо» тарыхый-маданий комплексинин курулушунун жүрүшүнөн кабар алды.

Мындан тышкары, жакында сел жүргөн Кара-Буура районуна барды.

Сапардын жыйынтыгында бир катар тапшырмалар берилип, тиешелүү чечимдер кабыл алынды. Тактап айтканда, жамап-түзөө иштеринен баш тартып, Төө-Ашуунун түштүк тарабындагы 6 км унаа жолуна эки катмар асфальт төшөө менен капиталдык ремонттон өткөрүү, Кара-Буура – Чаткал жол тилкесин грейдер менен тазалап, жолду ачуу тапшырылды. Кара-Буура районундагы селдин кесепетинен жабыркаган көпүрөнү эки жуманын ичинде калыбына келтирүү милдети коюлду.

Количество просмотров: 255