• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Улан Эгизбаев дагы бир абройлуу сыйлыкка ээ болду

8 Жетинин айы 2018 20:58 Бишкек Govori.TV

Бишкек.08.11.2018.Govori.TV

Маркум журналист Улан Эгизбаев дагы бир абройлуу сыйлыкка татыды. Бул тууралуу анын жубайы Сапаргүл Абдинабиева жазып чыкты.

«Бир чети абдан кубандырган, бир чети жүрөктөгү боштукту чымчып өткөн кабар. Дегеним, Улан дагы бир эл аралык абройлуу сыйлыкка ээ болду. Бул «David burke» атындагы дүйнөдөгү атактуу журналисттерге берилчү сыйлык. Мындан мурдараак Кыргызстандын «Эрдик» медалын, аны улай «Улут абийири» наамын да алды эле. Өзү болсо сыйлыктарын майлап, жетине албай сүйүнмөк экен.

Сенин таза абийириңе, көптөр жасай албаган эрдигине, икая сыяктанган кыска-нуска өмүнө баа берип да, таң калып да бүтө албайм. Кыргыз журту да мен сыяктуу сенин аз-саз өмүрүңдө шүгүр кылып, Куран окуп турат. Сыйлыктарын кут болсун, Улан!»,-деп жазды.

Чыгаан журналист Улан Эгизбаев каза болгондон кийин Президент жана башка уюмдар тарабынан бир канча сыйлыктарга ээ болгон.
Ал өзүнүн курч иликтөөлөрү менен кыргыз журналистикасына чыйыр жол салып кеткен журналист.

Эскерте кетсек, Улан Эгизбаев ушул жылдын 24-июлунда Ысык-Көлдө эс алып жүрүп сууга чөгүп каза болгон.

 

Количество просмотров: 35