• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Марлен Маматалиев: Электр энергиясына болгон баа кымбаттаса, эл көтөрө албайт

16 Кулжа 2021 15:58 Бишкек Govori.TV

“2021-2025-жылдарга карата Электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатын бекитүү жөнүндө» Министрлер кабинетинин токтому 15-июнда коомдук талкууга коюлду. Ага ылайык, ушул жылдын 1-сентябрынан электр энергиянын бир кВт/сааты 1 сом 9 тыйындан эсептелинет.

Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиевдин айтымында, электр энергиясына болгон баа кымбаттаса, эл көтөрө албайт.

«Жол киренин тарифи сыяктуу эле электр энергиясына болгон бааны көтөрбөш керек. Туура, энергетика тармагында дагы бир топ көйгөйлөр бар. Электр энергиясына бааны көтөрүү менен катар айлык, пенсия, жөлөк пулдарды эске алуу керек. Бүгүн-эртең бааны жогорулатабыз дегенден алыс болсок. Убагында ушундай мезгилден өткөнбүз. Аягы нааразычылыктарга алып келиши мүмкүн. Элдин шартын оңдогондон кийин тарифтерди акырындык менен жогорулатса болот»,-деди депутат Маматалиев.

Количество просмотров: 1321