Кыргызстан Өзбекстанга Ысык-Көлдөгү 4 пансионатты өткөрүп берди. Бул 4 пансионат 2015-жылга чейин Өзбекстан тарабынан колдонулуп келип, Уңгар-Тоо маселеси чыккан соң Кыргызстан өзүнө алган. Саясий серепчи Марс Сариев Ысык-Көлдөгү пансионаттарды кайтарууга эмне себеп болду, кайтарып бербей койсо эмне болмок деген суроолорго жооп берди.