• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Маршрутта уруулук болуп жатса, айдоочусу кайдыгер…

5 Аяк оона 2022 22:14 Бишкек Govori.TV

203-маршруттук коомдук унаада кичинекей өспүрүм курактагы баланын телефонун жула качкан урууну көрүп турса да, айдоочу унчукпастан кайдигер мамиле жасагандыгын журналист Тынчтыкбек Алтымышев өзүнүн фейсбук баракчасына жазды.

Мындан улам Бишкек шаарынын мэриясын айдоочуларды кайдыгер болбоого үндөп коюуга чакырган билдирүү жазды.

«Заман кайда баратат?!

Жарым саат мурун 203-маршруткада жаман бир окуя болду. 6-класс баламдын колундагы телефонун жулуп алып бир жаш жигит маршруткадан түшө качыптыр. Магистрал-Тыналиевдеги аялдамадан. Балам бакырып артынан түшүп кубалап, аңгыча жолдогулар тигини кармап калып телефонун алып бериптир. Тиги болсо андан ары качып жоголот.
Салондо мындай окуя болуп жатса маршрутканы айдоочусу «эмне болсоң ошо бол» деп айдап баса бериптир. Кокус баланын жанында ашык сому болбосо үйгө жөө келмек…
Эмне дейм? Уурулардын колуна шал тийсин. Айдоочуларды жоопкерчиликтүү болууга чакырып койгула, Бишкек мэриясы!

Балдарды жеке унаа менен ташысаң бензин кымбат, пробка. Коомдук транспорт болсо ушундай тыгылыш, чөнтөкчүлөр… Балдарыбызга сак бололу, Кудай сактасын.

Качан деги өнүгөт экенбиз…?»,-деп кейиди Алтымешев.

Количество просмотров: 1739