Март айынан бери Кыргызстанга 50дөй IT-компания көчүп келди. Бул тууралуу Economist.kg жазды.
Маалыматка караганда, ушул жылдын март айынан 50дөн ашуун компания жана жеке ишкерлер катталган. Алар Орусия, Беларусь жана КМШнын башка өлкөлөрүнөн келишкен.
«Айрымдары үй-бүлөлөрү менен, айрымдары кызматкерлерин көчүрүп келишти. Келгендердин саны көп. Бул Кыргызстанга оң таасирин берет. Негизинен жогорку квалификациялуу адистер келишүүдө. Айрым эл аралык компаниялар да көчүштү», — деп билдирген Жогорку технологиялар паркынын аткаруучу директору Чубак Темиров.