• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Мас айдоочу каршы тилкеге чыгып кеткен. Кырсыкта бир адам каза болду

22 Баш оона 2022 13:25 Бишкек Govori.TV

Панфилов районунда мас айдоочунун кесепетинен адам өмүрүн алган жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 20-августта Панфилов районунда Бишкек-Чалдовар жолунун 80-чакырымында 1971-жылы туулган П.Е. аттуу жарандын башкаруусундагы Opel Omega унаасы менен 1979-жылы туулган К.К. аттуу жарандын башкаруусундагы KIA унаасы сүзүшкөн.

Opel Omega унаасынын айдоочусу мас абалда болгон жана жолдун каршы тилкесине чыгып кеткен. Кырсыктын кесепетинен KIAнын айдоочусу каза болгон.

Аталган окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 312-беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон.

Айдоочу П.Е. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө уланууда.

Количество просмотров: 122