Президент Садыр Жапаровдун буйругуна ылайык, башкы прокурор Курманкул Зулушев кызматынан убактылуу бошотулган. Мындай кадам туура эмес болуп жаткандыгын, эл өкүлү Исхак Масалиев «Govori.TV» агенттигине айтып берди.
«Мыйзамда мындай түшүнүк жок. Башкы прокуратура мыйзамдын аткарылышын көзөмөлдөгөн эң жогорку орган болгондуктан, президент Жогорку Кеңештин макулдугу жок кызматтан бошотуусу мыйзамга дал келбейт»,-дейт эл өкүлү.
Мындан сырткары учурдагы башкы прокурор Курманкул Зулушевдин өзү мыйзамдын аткарылышын талап кылууга укуктуу экендигин кошумчалады.
«Бул жагы бираз түшүнүксүз болуп турат. Жок дегенде «эмгек өргүүгө» кетирип турса болмок»,-деди Масалиев.
Белгилей кетсек, Башкы прокурор Курманкул Зулушев Алымкадыр Бейшеналиевге карата кылмыш ишин тергөөгө байланыштуу убактылуу кызматтан четтетилген болчу.