Президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин ишин жөнгө салган регламенттин долбоорун жактырбай артка кайтарды. Бул тууралуу эл өкүлү Исхак Масалиев билдирди.
Эл өкүлү Исхак Масалиев, Президенттин каршы пикирин Жогорку Кеңешти алсыратуу кадамы деп эсептээрин айтты.
«Регламент боюнча мыйзамды тезинен кайра иштеп чыгышыбыз керек. Каршы пикирде «Жогорку Кеңештин укугу жок» деген бир топ сын-пикирлер бар экен. Регламентсиз чечимдер кабыл алына берген менен, иш кынтыксыз жүрбөй калат»,-деди Масалиев.
Мындан улам ал бир мунасага келүү менен регламентти кабыл алып, толук кандуу мыйзамдуу түрдө иштеш керектигин белгиледи.
Буга чейин, депутаттар эс алууга чыгаар алдында парламенттин жаңы регламентин кабыл алып, президентке жөнөткөн.