• Ишенби 25 Теке 2026
  • Суббота 25 Июль 2026

Машыктыруу учурунда кулаган учактагы эки адамдын абалы айтылды

21 Тогуздун айы 202211:34 Бишкек Govori.TV

Авиациялык коллеждин курсанттарын машыктыруу учурунда кулаган учактагы эки адамдын биринин абалы оор.

Ал Улуттук госпиталдын хирургия бөлүмүнүн жандандыруу бөлүмүндө дарыгерлердин кароосунда жатканын Саламаттык сактоо министрлиги бүгүн, 21-октябрда билдирди.

Маалыматка ылайык, жабыркагандардын бири — коллеждин 22 жаштагы курсанты. Ал башынан жараат алып, мээси чайкалганы кабарланган. Экинчи бейтап да Улуттук госпиталдын хирургия бөлүмүнө жаткырылган, анын шыйрак сөөгү сынганы айтылды.

Количество просмотров: 182