• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Массалык иш-чараларга балдарды тартууга тыюу салуу тапшырылды

7 Бугу 202412:50 Бишкек Govori.TV

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров массалык иш-чараларды уюштурууга балдарды тартууга тыюу салууну тапшырды.

Маалыматка ылайык, буга жакында Сузак районунда катталган кырсык себеп болгон.

Эске салсак, 2-майда Катмы жайлоосунда манас айтып жаткан балдарды Porter автоунаасы жылып кетип сүзгөн. Кырсыктан 30дан ашык бала жабыркаган.

Количество просмотров: 107