• Жекшемби 19 Бугу 2024
  • Воскресенье 19 Май 2024

Сузактагы унаа сүзгөн балдардын абалы жакшырууда

7 Бугу 2024 12:15 Бишкек Govori.TV

Бишкектеги №3 балдар клиникалык ооруканасынын башкы дарыгери Акылбек Мамановдун маалыматы боюнча, төрт балага жаагы жана баш сөөгү сынгандыктан операция жасалган.

«Операциядан соң балдардын бардыгы палатага которулду. Учурда ооруканага жаткырылган балдардын бардыгынын абалы туруктуу, ден соолуктары күндөн-күнгө жакшырууда», — деп белгиледи ал.

Эскерте кетсек, 2-майда саат 11:30дар чамасында Сузак районунун Көк-Арт айыл өкмөтүнүн Катмы эс алуучу жайында Манас айтуу боюнча республикалык кароо-сынактын алкагында флешмобго катышып жаткан окуучуларды Hyundai Porter унаасы белгисиз себептерден токтоп турган жеринен жылып, тебелеп кеткен. Анын натыйжасында 32 адам ар кандай жаракат алган.

Количество просмотров: 89