• Шаршемби 8 Бугу 2024
  • Среда 8 Май 2024

Маткеримов: Украинада жүргөн кыргызстандыктар өлкөдөн чыгууга жардам сурап жатат

24 Бирдин айы 2022 13:22 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин 24-февралдагы жыйынында депутат Айбек Маткеримов Украинада жүргөн кыргызстандыктар Киевдеги элчилик менен байланыша албай жатканын, өлкөдөн чыгып кетүүгө жардам сураганын айтып чыкты. Эл өкүлү буга байланыштуу мекендештердин кайрылуулары көбөйгөнүн билдирип, Министрлер кабинетин жагдайга көңүл буруп, чара көрүүгө чакырды.

Ал эми Кыргызстандын Киевдеги консулдугу Украинадагы ар бир кыргызстандык менен телефондон кабарлашып жатышканын Украинадагы соңку жагдай тууралуу маалымат берилгенин маалымдоодо.

Расмий маалыматка ылайык, Украинада жүргөн 680 кыргызстандык консулдук каттоодон өткөн.

Буга чейин, Украинанын президенти Владимир Зеленский 24-февралда өлкөгө аскердик режим киргизилгенин жарыялады.

Количество просмотров: 140