Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Искендер Матраимов Азербайжан Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоодо КМШнын Парламенттер аралык Ассамблеясынан эл аралык байкоочу катары Азербайжан Республикасында жүрөт. Бул тууралуу ЖКнын сайтында маалымдалат.
Маалыматка ылайык, Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык Ассамблеясынын эл аралык байкоочулары бир катар жолугушууларды өткөрүп, шайлоо участкаларында болушту.
Эске салсак, 2024-жылдын 7-февралында Азербайжанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өтүп жатат.