• Шейшемби 16 Чын куран 2024
  • Вторник 16 Апрель 2024

Матраимов мамлекетке канча каржат которгону айтылды

21 Бештин айы 2020 16:54 Бишкек Govori.TV

Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райым Матраимов Финансы министрлигинин атайын эсебине жалпысынан 1 миллиард 223 миллион 511 миң 690 сом которду. Бул тууралуу министрликтен билдиришти.

Маалыматка ылайык, акыркы ирет акча 18-декабрда түшкөн.

— 18-декабрда 450,1 млн сом;

— 8-декабрда 126,8 млн сом;

— 1-декабрда 110,4 млн сом;

— 17-ноябрда 536,2 млн сом келип түшкөн.

Эске салсак, Матраимов 20-октябрда бажы тармагындагы коррупция боюнча айыпталып, УКМК кызматкерлери тарабынан кармалган. Кийинчерээк мамлекетке келтирилген эки миллиард сомдук зыянды ноябрдын соңуна чейин толтуруп берүүгө даяр экенин билдирип, 80 миллион сом которгону маалымдалган. 20-октябрда Биринчи май райондук соту анын баш коргоо чарасын карап, сыртка чыкпоо тууралуу тил кат менен эркиндикте калтырды.

Количество просмотров: 259