• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Матраимовдор уюштурган турнирге кимдер барды? (сүрөт)

16 Аяк оона 2019 13:59 Бишкек Govori.TV

Ош шаарындагы Ахматбек Сүйүнбаев атындагы стадиондо 15-сентябрда Кыргызстандык Кулатуу эр таймаш (WEF) уюму Global сериясындагы 15-турнирин Еrem спорт клубу менен биргеликте өткөрдү. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Спорттук иш-чаранын ачылышына Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Төрөбаев, машыктыруучу Александр Воинов, «Ахмат» уюмунун Азиядагы лигасынын президенти Надыр Кадыров, WEF уюмунун президенти Руслан Кыдырмышев, вице-президенти, Ош спорт комитетинин жетекчиси Кылычбек Саркарбаев катышкан.

Турнирде кыргызстандык спортчулар Орто Азия, Россия, Азербайжан, Босния жана Герцеговина, Сербия, Белоруссия, Украина жана Словакиядан келген мушкерлер менен күч сынашкан.


«Мелдештин алкагында үч чемпиондук кармаш өттү. WEF уюмунун 57 килограмм салмактагы чемпиону, кыргызстандык Мырзамидин Пазылов тажикстандык Субхон Абдуллаевди калыстардын чечими менен жеңип, наамын сактап калды», -деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 331