• Ишенби 27 Кулжа 2026
  • Суббота 27 Июнь 2026

Матраимовдор журналисттерди эки жээке бөлдүбү?

17 Кулжа 201911:14 Бишкек Govori.TV

Бишкек.17.06.2019.Govori.TV.

Ушул жылдын 29-май күнү  «Азаттыктын» «Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи» аттуу иликтөөсү  жарыяланып, ал коомчулукта чоң талкууну жараткан. Маселе Өкмөт башчынын деңгээлинде каралып, атайын иликтөө тобу түзүлүп каржы полициясы өлкөдөн чыгып жаткан каражаттарды тактоо тапшырылган.

Ал эми журналист Али Токтакуновдун социалдык түйүндөгү баракчасына саат 15 июня в 15:54  төмөндөгүдөй билдирүүнү жазды.

Азыр эле мага жергиликтүү бир телеканалдан кесиптешим чалды. «Азаттыктын» «Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи» аттуу иликтөөсүнө байланыштуу иликтөө жасап атышыптыр. Сиздин документтер фейкпи же аныкпы иликтеп атабыз, комментарийиңиз кандай дейт. «Дүйшөмбү ишке чыгам, текшерип, кармап көрүп, ынанып кеткиле» десем бүгүн эфирден беребиз деди. Телеиликтөө бир күндө жасалбайт. Кеминде бир жума, андан көп убакытты алат. Өзөктүү тема биздин материал болуп атса, кесиптештерим кандайча мага, же «Азаттыкка» дароо кайрылышпайт? Жуп эфирдин алдында этиканы сактамыш болуп, экинчи тараптын пикирин алымыш болуп чалганы бери дегенде түшүнүксүз. Мына ушунун өзү чыга турган материалдын өңүтүн, максатын аныктап атат. Көрүп атабыз, кимдир бирөөлөрдүн фейктери, айдакчылар мен жөнүндө ушак маалыматтарды таратып, иликтөөдөгү негизги маселеден элдин көңүлүн бурдуруу аракетинде. Такталган маалымат, факты менен каралоо, жалганды айра тааныйлы. Эл тараза, алдатпайт.

Ал эми, 15-июнь күнү 5-каналдын “Апта сереп” программасына Элнура Алканова “Азаттыктын” “Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи” аттуу иликтөөсүндөгү күмөн санаткан жана суроо жараткан жагдайларды иликтеп, “Азаттыкка” ишенимдүү булагы сунуштаган документтерди текшерип, бул миллиондор маселесине байланышкан бир катар жаңы фактыларды айтып чыккандай болду.


“Азаттыктын” Бишкектеги бюросунун директору Айзада Касмалиева болсо Фейсбуктагы баракчасына «Акча кимди гана кул кылбайт… Ал учун чындыкты коргусу келбей бироонун кучугуно айланып жанын бакканды артык коргондор четтен чыгат… Сазда жашай берели дешет окшойт… «-деп жазды.

Социалдык түйүндөрдө «Матраимов эми журналисттерди эки жээке бөлөбү» деген пикирлер айтылууда.

Количество просмотров: 22