• Ишенби 25 Теке 2026
  • Суббота 25 Июль 2026

Матраимовду колдоп жүргөн депутаттар Азаттыкка каршы чыкты

15 Аяк оона 202214:19 Бишкек Govori.TV

Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар “Азаттык” радиосунун Ош шаарында өкүлчүлүгүн ачууга каршы чыгышты. Маселени биринчи болуп “Ата Журт Кыргызстан” фракциясынын депутаты Айбек Осмонов көтөрдү.

«Ошто митинг болору күтүлүүдө. Буга “Азаттыктын” филиалынын ачылышы себеп болууда. Эл каршы, анткени 2010-жылы Ош окуясы болгон. Ал кезде “Азаттык” бир жактуу иштеп, бир жактуу маалымат берген дешет. Элдин пикирин сыйлашыбыз керек. Эгер алар туура болсо, анда биз аларды угушубуз керек», — деди ал.

Аны кесиптеши Надира Нарматова колдоду.

«Мага да түнү бою бул маселе боюнча чалышты. Үч тилде: өзбек, кыргыз жана орус тилдеринде иштейбиз деп жатышат. “Азаттыктын” иши жакшылыкка караганда терс көрүнүштөрдү алып келерин тарых тастыктап турат. Отко май куюп, эл аралык мамилелерге коркунуч келтируунун кереги жок. Алардын иштерин алдын ала тыйып, элдин кыжырын келтирбей койгон оң. Иштегенине бактылуу болушсун. Жабып алсаңыз болот», — деди ал.

Аларга Свердлов бир мандаттуу шайлоо округунан депутат Шайлообек Атазов кошулду.

Буга чейин “Азаттык” радиосу Ошто кеңсесин ачуу үчүн кызматкерлерди кабыл алууну жарыялаган.

Количество просмотров: 105