• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Матраимовдун иши. Депутат Жээнбековду «экс» макамынан ажыратууну сунуштады

28 Бирдин айы 2024 10:48 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Түмөнбаев бүгүн, 28-февралдагы жалпы жыйын учурунда Сооронбай Жээнбековду экс-президент макамынан ажыратууну сунуштады.

Жалпы жыйында сөз сүйлөгөн Түмөнбаев бул маселе боюнча депутаттык комиссия түзүү сунуштады.

“Райымбек Матраимовду саясий аренага алып келип, партия түзүп берген кишилер кыргыз мамлекетинин төрүндө мамлекеттин эсебинен жашап атат. Ал — Сооронбай Жээнбеков. Сооронбай Жээнбеков президент болгонго чейин губернатор, премьер-министр болду. Ага чейинки президент Алмазбек Атамбаев, анын жанындагы Икрамжан Илмиянов колдоп-коштоп аны (ред: Райымбек Матраимовду) жетекчилик кызматка чейин алып келип эч кандай жоопко тартылбай жүрөт”, — деди ал.

15-февралда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге жакын экени айтылып жүргөн Region телеканалында Искендер Матраимов, Надира Нарматова, Айбек Осмонов, Шайлообек Атазов жана Нурлан Ражабалиев мандатын тапшырышы керек деген өңүттөгү бир нече материал жарыялаган. Анда пикирин билдирген эксперт, саясат талдоочулар мафия аталып, издөөгө алынган адамдын жакындары парламентте отурбаш керек деген жүйө келтиришкен.

Жогорку Кеңештин депутаты, мурдагы бажычы Абдывахаб Боронбаев 14-февралда мандатын тапшыргандан кийин Райымбек Матраимовго байланышы бар делген башка эл өкүлдөрү боюнча маселе көтөрүлүп, өзгөчө төрт-беш депутаттын ысымы ачык айтыла баштаган.

Кылмыш иши козголуп, издөө жарыяланган мурдагы бажычы Райымбек Матраимовго байланышы бар делген Жогорку Кеңештин айрым депутаттары аны менен эч кандай байланышы болбогонун айтып чыгышууда.

Ал эми 22-февралда Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаттары Искендер Матраимовдун жана Нурлан Ражабалиевдин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу маселесин карап, бир добуштан кабыл алынган.

Количество просмотров: 159