Кара-Суу районунун «Савай» айыл өкмөтүнүн башчысы кызматтан алынды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 14-январда УКМК тергөө органдарынын өтүнүчү жана Ош шаардык сотунун чечими менен тергөө аяктаганга чейин Кара-Суу районунун «Савай» айылынын өкмөт башчысы М.С. кызматынан алынган.
Эске салсак, буга чейин Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренесинин 3-бөлүгүндө каралган кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган КР УКМКнын тергөөгө иштери боюнча Ош облусунун Кара-Суу районунун Савай айыл өкмөтүнүн башчысы М.С. Ош шаардык жана Ош облустук УКМК убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
13-январда М.С. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренесинин 3-бөлүгүндө каралган кылмышка шектүү катары таанылып, ошол эле күнү Ош шаардык соту тарабынан ага карата 2 айлык мөөнөткө үй камагына алуу түрүндө баш коргоо чарасы каралды.
Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.