• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Казактанда соода министри Бахыт Султанов кызматтан алынды

16 Баш оона 2022 9:14 Бишкек Govori.TV

Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев өлкөдө азык-түлүк кымбаттап, кант тартыштыгы өкүм сүрүп жаткан маалда соода жана интеграция министри Бакыт Султановду кызматтан алды.

Бир ай мурун өкмөт жыйынында Токаев кумшекерге байланыштуу абалдан улам Бахыт Султанов менен айыл чарба министри Ербол Карашукеевге сөгүш жарыялаган. Бахыт Султанов кийинчерээк ЖМКларга берген маегинде президенттин сыны “өтө туура” экенин айткан.

Ошол эле маалда Султанов “кумшекер импорттук товар, кааласак-каалабасак да баасы өсөт” деп билдирген.

Казакстанга канттын 90% чет өлкөдөн, анын ичинен 70% Орусиядан келет.

Казакстанда кумшекердин баасы Украинадагы согушка байланыштуу Батыш өлкөлөрү Орусияга санкция салгандан кийин кымбаттап кеткен. Май айында жергиликтүү басылмалар айрым аймактарда кумшекер тартыш болуп жатканын кабарлашкан. Мындан соң социалдык дүкөндөрдө бир кишиге бир килограммдан ашык кумшекер сатууга тыюу салынган. Чектөө базарларда да байкала баштаган. 26-июлда өткөн брифинг учурунда Бахыт Султанов “кант колдонбой турганын, чайды бал менен ичерин” айткан.

Соода жана интеграция министринин милдетин аткаруучу болуп атаандаштыкты коргоо жана өнүктүрүү агенттигинин төрагасы Серик Жумангарин дайындалды.

Количество просмотров: 123