• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Азимбек Бекназаров кызматтан алынышы боюнча комментарий берди

8 Аяк оона 2022 10:15 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 8-сентябрда мурдагы элчи, коомдук ишмер Азимбек Бекназаров Кыргызстандагы акыркы саясий кырдаал боюнча маалымат жыйын курууда.

Жыйындын башында Бекназаров элчиликте аткарган иштери тууралуу отчёт берип, кызматтан алынышы боюнча төмөндөгүлөрдү билдирди.

«Тышкы саясат бул ички саясаттын уландысы. Ошондуктан дипломаттар өз алдынча саясат жүргүзө албайт. Мен эки жарым жыл ичинде эки президент, төрт премьер -министр жана бир нече министр менен иштештим. Президенттин указында коюлган милдеттерди аткара албаганым үчүн иштен алынгандыгым жазылган. 8-августта буга байланыштуу атайы кайрылуу жолдодум. Мен иш алып бара албаганым боюнча атайын комиссия түзүп, иликтеп чыгышын деп. Албетте, кызматтан бошотуу боюнча капачылык жок. Эки жарым жыл аралыгында мага карата эч кандай эскертүү же сөгүш берилген эмес. Мен эмне үчүн кызматтан кеттим? Долбоорлорду ишке ашыруу боюнча булардын жандарын койбой сураганым үчүн, элчилерди жөн эле кармап жүрө бербей иштетпейсиңерби дегеним үчүн кызматтан алындым деп ойлойм»,-деди ал.

Эске салсак, Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси Азимбек Бекназаров 5-августта кызматынан бошотулган. Президенттик администрация ал коюлган милдеттерди аткара албаганы үчүн иштен алынганын жарыялаган. Бекназаров эки күн мурун бийликтин Кумтөр боюнча чечимин кескин сындап чыккан эле.

Количество просмотров: 197