• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Матраимовдун өкүл баласы мамлекетке канча акча төлөп, үй камагына чыккан?

14 Үчтүн айы 2021 12:52 Бишкек Govori.TV

Кара-Суу районунун Савай айыл өкмөтүнүн башчысы Мунарбек Сайпидинов келтирилген 1 0330700 сом зыянды мамлекетке кайтарып, үй камагына чыкты. Бул тууралуу Ош облустук сотунун маалымат кызматы билдирүү таратты.

Үй камагынын шартына ылайык, айыпкер саат 22:00дөн 06:00гө чейин жашаган жери Савай айылындагы үйүнөн сыртка чыгууга тыюу салынып, тергөөчүнүн биринчи чакыруусу менен келүүгө, жашаган аймагынан сырткары чыкпоого милдеттендирилген.

«Шектүүнү кармоо мыйзамдуу жана негиздүү деп табылган. Токтом кабыл алууда шектүүнүн өздүгү аныкталганын, туруктуу жашаган жери такталганын, келтирилген 1 033 700 сомдук зыян толугу менен төлөнгөнүн жана үй-бүлөлүк абалын эске алуу менен үй камагына чыгарылды. Прокурордун өтүнүчү канааттандырылбай, С.М.А сот залынан бошотулду», — деп айтылат маалыматта.

УКМК Сайпидиновду Савай айылындагы мектептин спорт залынын курулуш иштеринин суммасын бир миллион сомго негизсиз жогорулаткан, сапатсыз жасаткан деген шек менен 11-январда кармаган.

Белгилей кетсек, Мунарбек Сайпидинов Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун өкүл баласы. Ал Кара-Суудагы Савай айыл өкмөтүн 2016-жылдан бери жетектеп келет. Былтыр 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоого «Мекеним Кыргызстан» саясий партиясынын тизмесинде 126-талапкер болуп катышкан.

Количество просмотров: 206