• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Матраимовдун өкүл баласы Сайпидиновдун кылмыш иши кыскартылды

11 Баш оона 2021 16:37 Бишкек Govori.TV

Савай айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы Мунарбек Сайпидиновго карата козголгон кылмыш иши Ош шаардык соту тарабынан кыскартылды. Бул тууралуу Ош шаардык жана облустук соттун маалымат кызматынан билдиришти.

Мунарбек Сайпидиновду жоопкерчиликке тартууга негиз болгон жазык иши эскирип, мөөнөтү өтүп кеткенине байланыштуу козголгон ишти кыскартуу боюнча Ош шаардык соту ушул жылдын 21-июнунда токтом кабыл алган. Ошондой эле үй камак жазасы башка жакка кетпөө түрүнө өзгөртүлгөн.

Кара-Суу районундагы Савай айыл өкмөтүнүн башчысы Мунарбек Сайпидинов Жазык кодексинин 320-беренеси («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») менен сотко чейинки башталган териштирүү ишинин алкагында 11-январда кармалган.

Ош шаардык соту 13-январда Мунарбек Сайпидиновдун бөгөт чарасын карап, анын туруктуу жашаган жери бар экенин, мамлекетке келтирилген материалдык зыянды толугу менен төлөп бергенин жана үй-бүлөлүк абалын эске алып, Сайпидиновду 11-мартка чейинки мөөнөткө үй камагына чыгарган. Шектүү сот залынан бошотулган.

Сайпидинов Кара-Суудагы Савай айыл өкмөтүн 2016-жылдан бери жетектеп келген Мунарбек Сайпидинов мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун өкүл баласы.

Количество просмотров: 181