• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Матраимовдун «өкүл баласынын» үйү тинтүүгө алынды

19 Жетинин айы 2020 16:59 Бишкек Govori.TV

УКМК мурда катталган кылмыш ишинин сотко чейинки оперативдүү иликтөө иш-чарасынын алкагында Савай жана Сарай айыл өкмөттөрүнүн үйүн тинтүү иштерин жүргүздү. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан кабарлады.

Тинтүүнүн натыйжасында Сарай айылынын айыл өкмөтү Замир Турганбаевдин үйүнөн мыйзамсыз курал табылган. Куралдар экспертизага жөнөтүлгөн.

Ал эми Савай айылынын айыл өкмөтү Мунарбек Сайпидиновдун үйү тинтүүгө алынган. Сайпидинов Бажы кызматынын мурдагы орун басары Райым Матраимовдун өкүл баласы. Бул арада Кара-Суу районунун Савай айылынын айыл өкмөтү Мунарбек Сайпидинов УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылуу жасады.

Количество просмотров: 9958