• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Матраимовдун талкууга түшкөн сүрөтү качан тартылганын айтылды

9 Тогуздун айы 2019 15:20 Бишкек Govori.TV

Мамлекеттик бажы кызматынын басма сөз катчысы Жаманак Мүсүрканов мекеменин жетекчиси Алтынбек Торутаев менен төраганын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов чогуу түшкөн сүрөт боюнча комментарий берди.

Мүсүрканов сүрөт 2015-жылы Ош шаарында тартылганын, анда Мамлекеттик бажы кызматынын бир кызматкеринин чакыруусу менен мекеменин сүрөттөгү мурдагы жана азыркы кызматкерлери барышканын айтты.

Чогуу иштешкендер менен бир жерге барып чогуу сүрөткө түшсө болот да. Кээ бирөөлөр аны башка максатта жарыялап жатат. Ал киши (ред: Райымбек Матраимов) 2015-жылы Ош бажысынын жетекчиси болчу (ред: 2013-2015-жылдар). Бир кызматкери конокко чакырыптыр. Анан ошол жерден түшүшкөн, — деди Мүсүрканов.

«Дело №» гезити бүгүн сайтына Мамлекеттик бажы кызматынын азыркы жетекчиси Алтынбек Торутаев, Райымбек Матраимов жана башка бир нече киши түшкөн сүрөттү жарыялады. Басылма сүрөт качан, кайсы жерде тартылганы белгисиз экенин жазган.

Мамлекеттик бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов 2017-жылы, ошол кездеги премьер-министр Сапар Исаковдун буйругу менен бошотулган. Өкмөт бул чечимге «Матраимовдун иши жетекчиликтин чечимдерине жана жүргүзгөн саясатына каршы келет» деген жүйө келтирген. Бирок Матраимов өкмөттүн мындай чечими туура эмес болгонун айтып сотко кайрылган. Соттун бардык инстанциялары аны колдогон чечим чыгарган.

Булак: Азаттык.

Количество просмотров: 434