• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Матраимовдун жубайыныкы делген «Майбах» «Реформа» партиясынан айланып чыкты

29 Баш оона 2020 21:57 Бишкек Govori.TV

Социалдык тармактарда “Реформа” партиясындагы талапкердин чуулгандуу жол кырсыгына катыштыгы бар экендиги жөнүндө видео жарыяланды.

Кырсык Бишкектеги Киев жана Калык Акиев көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Анда Mercedes Benz Maybach менен Nissan автоунаалары кагышкан. Кымбат баалуу унааны К.Р. айдап бара жаткан. Окуя болгон жерге адвокат Сергей Манукян барган.

Буга чейин кырсык боюнча ЖМКларда Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун жубайынын аты аталып, Mercedes Benz үлгүсүндөгү унаасын айдап бара жаткандыгы маалымдалган. Бирок, жол кайгуул кызматы бул маалыматты четке каккан. Рулда 35 жаштагы К.Р. отурганы жана аталган факты боюнча тергөө амалдары жүрүп жатканы айтылган.

Бул арада социалдык тармактын колдонуучулары Maybach автоунаасы «Реформа» партиясынан депутаттыкка талапкер Эсен Рысбековго катталган деп жазып чыгышты.

Ал эми талапкер Эсен Рысбеков окуя боюнча үн комментарий берди. Анын айтымында, унаа сатылып кеткен жана ага таандык эмес. Мындан сырткары, ал жол кырсыгынын тегерегиндеги ызы-чууну атайылап көтөрүп, «Реформа» партиясына маалыматтык чабуул болуп жатканын жазды.

https://www.facebook.com/1809934446/posts/10214234880625176/
Количество просмотров: 12834