Мавлян Аскарбеков Биринчи Май районунун акиминин орун басарлыгына дайындалды
Мавлян Аскарбеков Биринчи Май районунун акиминин орун басарлыгына дайындалды
2 Тогуздун айы 201815:42 Бишкек Govori.TV
Бишкек.02.10.2018.Govori.TV.
Жарандык активист Мавлян Аскарбеков Биринчи Май районунун акиминин турак жай коммуналдык чарба иштери боюнча орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынан билдиришти.
Белгилей кетсек, Мавлян Аскарбеков буга чейин өзүн жарандык активист катары көрсөтүп, көйгөйлүү маселелерде пикирин билдирип, өлкөнүн коомдук-саясий турмушуна активдүү катышып келген.
Эске салсак, бүгүн Жогорку Сот анын ишин кыскартуу жөнүндө чечимди күчүндө калтырды.
Быйыл 13-июлда Бишкек шаардык сотунун соттук коллегиясы Аскарбековго карата чыккан Биринчи Май райондук сотунун чечимин жарым-жартылай өзгөртүп, ага салынган айыппулду алып салган жана Аскарбековдун чет жакка чыгышына тыюу салган чечимди жойгон.
Мавлян Аскарбеков — мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин бийлигине сын айтып жүргөн активисттердин бири.