• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Мавлян Аскарбековдун соту жылдырылды

3 Чын куран 2018 15:39 Бишкек Govori.TV
Бишкек.03.04.2018.Govori.TV
Cудья ооруп калганына байланыштуу сот 10-апрелге жылдырылды. Бул туурасында Govori.TV сайтына активист Мавлян Аскарбеков билдирди.
«Бүгүн Биринчи май райондук сотунда акыркы сөз берилип чечим чыкмак. Бирок отурум судья ооруп калганына байланыштуу жылдырылды.Соттук жараян 10-апрелде саат 14:00дө өтмөй болду» -дейт Аскарбеков.
Белгилей кетсек, жарандык активист Мавлян Аскарбековго Кылмыш-жаза кодексинин 297-беренеси, “Бийликти күч менен басып алууга үндөө” боюнча кылмыш иши козголгон. Ал былтыр 16-январдагы авиакырсыктан жапа чеккен Дача СУ жана Учкун-2 конуштарынын тургундары менен жолугушууда “бийликти басып алууга чакырган” деп айыпталып жатат.
Количество просмотров: 13