• Жума 17 Теке 2026
  • Пятница 17 Июль 2026

Медеткан Шеримкулов мекчиктештирип алды деген мектеп тууралуу үн катты

20 Аяк оона 202419:50 Бишкек Govori.TV

Буга чейин УКМК маалымат таратып, Сокулук районундагы Жыламыш айылындагы 1998-жылы мыйзамсыз менчиктештирилген мектептин 376 миллион 339 миң сомдук имараты мамлекетке кайтарылганы айтылган.

Ал арада социалдык тармактарда мектепти кайтарып берген адам — Кыргыз Республикасынын Баатыры Медеткан Шеримкулов деген маалымат тарап, талкуу жаралды.

Ал эми Медеткан Шеримкулов Би-Би-Сиге бул тууралуу комментарий берип, Жыламыш айылындагы бүтпөй турган мектептин имаратын эч качан менчиктеп алган эместигин айткан.

“Социалдык тармактагылардын баары тең менин сүрөтүмдү коюп, сөгүп эле жатып калышты, улуусу дагы, кичүүсү дагы. Чындыгында мен эки күндөн бери соцтармакта эң биринчи болуп калдым. «Атың чыкпаса, жер өрттө» дегендей болуп баратат. Жыламыш айылындагы бул мектеп 1992-жылы айылдыктардын суранычы менен, менин жардамым менен башталган. Бирок мен иштен кеткенден кийин каражат жок, бүтпөй калганы чын. Бул мектепти, ага караштуу жер аянтын дагы мен эч убакта менчиктештирген эмесмин. Менин менчигимде эч качан болгон эмес. Ошондуктан мен бүгүн Камчыбек Кыдыршаевге кат жазып, менин менчиктештирип алганым тууралуу маалымат туура эмес, ага тастыктоо берип койгула деп кайрылдым. Мен эч убакта бир гектар жер дагы менчиктештирип алган эмесмин. Менде эч кандай жер менчиги, башка объект менчиги жок”,-деди Медеткан Шеримкулов.

Кыргызстан эгемендик алып, мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү башталган 90-жылдардын башында Медеткан Шеримкулов Жогорку Кеңештин, Легендарлуу парламенттин төрагасы болуп турган.

Количество просмотров: 281