• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Медиа коомчулук президент Жапаровго кайрылуу жолдоду

30 Аяк оона 2021 12:30 Бишкек Govori.TV

Медиа коомчулуктун өкүлдөрү президент Садыр Жапаровго, министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Мариповго, экономика жана каржы министри Акылбек Жапаровго жана Юстиция министрлигинин башчысы Асел Чыныбаевага кайрылуу жолдошту.

Кайрылууда, Кыргызстандын массалык маалымат каражаттарынан турган медиа коомчулук журналистердин жана медиа уюмдардын атынан массалык маалымат каражаттарынын ишин жана журналисттердин укуктук макамын жөнгө салган мыйзамдарды инвентаризациялоо аракетине көңүлүң бурдурушкан.

«Массалык маалымат каражаттары жөнүндө», «Журналисттин кесиптик ишин коргоо жөнүндө», «Телеберүү жана радиоберүү жөнүндө» жана «Коомдук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын баалоодо, инвентаризациялоо боюнча кошумча жумушчу топтун эксперттери аталган мыйзамдарга бир аз оңдоолорду киргизүү мүмкүндүгүн гана көрсөтүшкөн.

Мындай бүтүмдөр аталган мыйзамдардын мазмунунун Кыргыз Республикасынын Конституциясына, социалдык адилеттик жана өнөктөштүк принциптерине, зарылдык талаптарына, максатка ылайыктуулугуна, натыйжалуугуна жана предметти жөнгө салуунун жеткиликтүүлүгүнө негизделген. Ошондой эле ички карама-каршылыктардын, кагылышуулардын жана укуктагы боштуктун жоктугу да эске алынган.

Бирок медиа коомчулукту өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн инвентаризацияланууга тийиш болгон 359 мыйзам ичинен ММКлардын жана журналисттердин ишин жөнгө салган мыйзамдардын («Массалык маалымат каражаттары жөнүндө», «Журналисттин кесиптик ишин коргоо жөнүндө») биринчи кезекте караштырылып жаткандыгы тынчсыздандырууда. Бул үчүн 2021-жылдын 13-сентябрында шашылыш түрдө тегерек стол өткөрүлүп, анын жыйынтыгы боюнча КР Юстиция министрлиги тарабынан жалданган эксперттер белгилүү формулировкалар боюнча кыска мөөнөттүн ичинде сунуштарды кийрүүнү сунуш кылып жатышат.

ММКлардын жана журналисттердин ишин тескөөчү мыйзамдар жарандар, массалык маалымат каражаттары, журналисттер, мамлекеттик жана муниципалдык органдар ортосундагы өз ара мамилелердин ар кандай татаал көрүнүштөрүн жөнгө салып келет. Бул жаатта каалаган өзгөртүүнү, анын ичинде анча олуттуу эмесин да киргизүү адегенде терең талдоону, бардык кызыкдар тараптар менен кеңири талкууну жана мындай жыйындарды басма сөздө ачык чагылдыруу менен кароону талап кылат.

Мыйзамга кандайдыр бир өзгөртүүнү киргизүү үчүн белгилүү бир укуктук карым-катнаштарды жөндөө максатында концепцияны иштеп чыгуу зарыл, мисалы, журналисттер менен ММКлардын маалыматка жетүү укугу, башка ченемдик- укуктук актылар менен шайкеш келүүсү ж. б. Мыйзам долбоорунун концепциясынын жоктугу «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин регламенти жөнүндө» КР Мыйзамынын (51-бер. 6-бөл., 56-бер.) ченемдерине каршы келет. ММКлар жаатындагы мыйзамдарды инвентаризациялоо аракеттери, киргизилип жаткан өзгөртүүлөрдүн концепциясын аныктабай туруп жүргүзүлүп жатат.

Жогоруда айтылгандардын негизинде, медиа коомчулук ММКлар жаатындагы мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунуштардын иштелип чыгуусун азыр эрте деп эсептейт. Ушуга байланыштуу, сиздерден «Массалык маалымат каражаттары жөнүндө», «Журналисттин кесиптик ишин коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын учурда өзгөртүүсүз калтырууну суранат.

Количество просмотров: 249