• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Алиев Жапаровго карабак күлүгүн белек кылды

26 Чын куран 20249:08 Бишкек Govori.TV

Азербайжандын лидери Ильхам Алиев президент Садыр Жапаровго карабак күлүгүн белек кылган.

Белек Агдам шаарында Карабах хандыгынын негиздөөчүсү Панахали хандын сарайы жана анын мүрзөсү жайгашкан 18-кылымдагы сарай комплексине барган кезде тапшырылган.

Комплекстин аймагын карап чыккандан кийин президенттерге Азербайжан тукумундагы жылкылар көрсөтүлдү, хан заманында ал жерде аттар сатыкка коюлчу экен.

Эске сала кетсек, Садыр Жапаров 24-25-апрель күндөрү Азербайжанда мамлекеттик сапар менен болду.

Количество просмотров: 130