• Ишенби 11 Бугу 2024
  • Суббота 11 Май 2024

Президент кыргызстандыктарга кайрылуу жолдоду

28 Чын куран 2024 10:24 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров бүгүн кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышуудан курман болгон жарандарды эскерүүгө байланыштуу кыргызстандыктарга кайрылуу жолдоду.

Мамлекет башчысынын кайрылуусу:

Урматтуу мекендештер!

Далай кыйын кезеңдерди башынан кечирген Баткендин баатыр эли 2021–2022-жылдардагы каргашалуу күндөрдө кайратынан жазбай, мамлекеттин бүтүндүгү үчүн тикесинен тик туруп беришти. Бул оор сыноо жалаң эле баткендиктердин эмес, жалпы кыргызстандыктардын биримдигин бекемдеп, кайратын бүлөдү.

Ошол оор учурда жамы журтубуз баткендик бир боорлорду жалгыз калтырбай, аза-кайгысын тең бөлүшүп, эч нерсесин аяган жок. Жеңилин жерден, оорун колдон алды.

Эл-журтубуздун кыйынчылыктарда мүңкүрөбөгөн, чөкпөгөн ушундай асыл сапаттарына мамлекет жетекчиси катары да, жөнөкөй адам катары да башымды ийип, таазим этемин!

Башыбызга оор сыноо түшүп турган кездеги эр жүрөк азаматтарыбыздын каармандыгы менен эрдигин биз, бизден кийинки муун дагы эсинен чыгарбайт деп ишенимдүү айта алам.

Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, биринчи кагылышуудан кийин Баткен облусунда жашаган калкты ар тараптан колдоо, облустун экономикасын өркүндөтүү жана социалдык көйгөйлөрүн чечүү максатында “Баткен облусунун статусу жөнүндө” Мыйзам кабыл алдык.

Анын негизинде Баткен облусун 2022–2035-жылдарга өнүктүрүүгө багытталган “Жол картасы” программасы иштелип чыгып, ага ылайык аталган облуска республикалык бюджеттен жылына 500 млн сом акча каражаты бөлүнүп, максаттуу иштетиле баштады.

Учурда облустун аймагында, анын ичинде жабыркаган айылдарда көптөгөн алгылыктуу иштер аткарылып, элибиздин эртеңки күнгө, келечекке болгон ишеними артты.

Куралдуу күчтөрүбүздү аскердик-техникалык жактан, аскер кызматкерлерин болсо социалдык жактан камсыз кылуубуз аскер кызматын өтөөгө умтулган мекенчил жаштарыбыздын санынын өсүшүнө өбөлгө түздү.

Урматтуу мекендештер!

Учурда кыргыз-тажик чек ара маселелерин чечүү боюнча эки тараптуу мамлекеттик комиссиянын ишинде бир катар алгылыктуу жылыштар болуп жатат. Биз чек ара маселелерин сүйлөшүүлөр жолу менен гана чечүүгө кызыкдар экендигибизди дагы бир ирет баса белгилейм.

Мамлекеттик чек арабызда эки ирет кайталанган каргашалуу окуяларда ар бир кыргызстандыктын жүрөгү сыздаган. Ошондуктан өлкө жетекчилиги алдын алуу иштерине абдан чоң көңүл буруп, жайкын турмуштагы жарандарыбыздын бейпилдиги үчүн бар күч-аракетин жумшайт.

Ата Мекенибиздин асманы ар дайым ачык болсун! Эл-журтубузда тынчтык болуп, өнүгүп-өсүп өркүндөй берсин!”.

Количество просмотров: 255