• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Медиктер улгайган адамдарды эмдөөдөн өтүүгө чакырат

3 Тогуздун айы 202214:03 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда медиктер тобокелдик тобуна кирген улгайган адамдарды COVID-19га каршы эмдөөдөн өтүүгө чакырат.

Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун иммундук профилактика бөлүмүнүн башчысы Бурул Асыкбекова билдиргендей, коронавирустан каза болгон жарандарды көп бөлүгү 60 жаштан жогору адамдар.

“Анализдин жыйынтыгы боюнча, ар кандай этиологиядагы тромбоз түрүндөгү татаалдашуулар мүмкүн болгондуктан, тобокелдик тобуна кирген эмделбеген адамдардын өлүмүнүн ыктымалдыгы бир нече эсе жогору. Буга байланыштуу биз эмдөөдөн өтүүгө чакырабыз”, — деди медик.

Количество просмотров: 145