Кыргызстанда медиктердин айлыгы көтөрүлдү. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.
1-июлдан тарта өлкөнүн алыскы аймактарында иштеген бир катар адистерге кошумча компенсациялар киргизилген. Бул «тез жардам» дарыгерлерине, жалпы хирургдарга, анестезиологдорго жана реаниматологдорго, ошондой эле педиатрларга тийиштүү.
Республиканын алыскы аймактарында иштеген жалпы хирург 20 миң 136 сом алса, компенсация төлөнгөндөн кийин 50 миң 205 сом алат. 35 миң 481 сом алган анестезиолог, реаниматолог, компенсация төлөнгөндөн кийин 73 миң 222 сом алат. 32 миң 474 сом маяна алган педиатр, компенсация төлөнгөндөн кийин 68 миң 709 сом алат.
Буга чейин клиникалык ординатордун стипендиясы 1200 сом болчу. 1-июлдан тарта стипендиянын суммасы 20 миң сомду түзөт.