Саламаттык сактоо уюмдарынын кызматкерлеринин эмгек акысын эсептөө боюнча кайрылуулар көбөйгөнүнө байланыштуу Саламаттык сактоо министрлиги төмөнкүлөрдү түшүндүрөт.
Саламаттык сактоо уюмдарынын кызматкерлеринин эмгек акы шарттары 2022-жылдын 30-мартындагы №182 токтомуна ылайык жөнгө салынат.
Кепилденген эмгек акы – бул толук иш күнүнө аткарылган иштин татаалдыгын, жоопкерчилигин жана эмгек сиңирүүсүн эске алуу менен белгиленген эң аз өлчөмдөгү акы болуп саналат:
кызматтык маяна;
мамлекет тарабынан кепилденген кошумча төлөмдөр жана үстөк акылар (эмгек стажы, квалификациялык категория, зыяндуулук, бийик тоолуу аймак ж.б.).
Кепилденген эмгек акысынан тышкары, саламаттык сактоо уюмдарынын кызматкерлери эмгекке катышуу коэффициентинин (КТК) негизинде кошумча эмгек акы ала алышат.
КТК милдеттүү төлөм болбойт. Эгерде уюмда бош кызмат орундарына байланыштуу эмгек акы фондунан үнөмдөлгөн каражат болсо, анда бул каражат комиссиянын чечими менен кызматкерлерге КТК түрүндө бөлүштүрүлүшү мүмкүн. Бул кошумча төлөм кызматкерлерди стимулдаштыруу үчүн каралган, айрыкча бош орундардан улам жүктөмү жана жоопкерчилиги көбөйгөн кызматкерлер үчүн. КТК ай сайын эмгек акы фондундагы үнөмгө жараша көбөйүшү же азайышы мүмкүн.
Саламаттык сактоо министрлиги эмгек акы төлөө тартибин оптималдаштыруу багытында иш алып барууда жана келечекте КТК түрүндө кошумча төлөм берүү тартиби кайра каралат.
Акыркы жылдары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети эмгек акыны жогорулатуу жана саламаттык сактоо системасынын инфраструктурасын жакшыртуу боюнча бир топ иштерди жүргүзгөн:
1. 2021-жылдын 1-апрелинен тартып саламаттык сактоо уюмдарынын кызматкерлеринин кызматтык маяналары 50% га жогорулатылган (дарыгерлердин маянасы 5000 сомдон 7500 сомго чейин жогорулаган), ал эми үй-бүлөлүк жана жалпы практикадагы дарыгерлердин маянасы 100% га жогорулатылган (5000 сомдон 10000 сомго чейин). Мыйзам боюнча каралган бардык кошумча төлөмдөр жана үстөк акылар сакталып калган.
2. 2022-жылдын 1-апрелинен тартып кызматтык маяналар орточо 50% га жогорулаган (дарыгерлердин маянасы 7500 сомдон 11264 сомго, үй-бүлөлүк дарыгердин маянасы 10000 сомдон 15136 сомго көтөрүлгөн). Ошол эле учурда бардык кошумча төлөмдөр жана үстөк акылар сакталган.
3. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 28-июнундагы №170 Жарлыгына ылайык, 2024-жылдын 1-сентябрынан тартып медициналык кызматкерлердин эмгек акылары төмөнкүдөй көбөйтүлгөн:
дарыгерлер үчүн 50% (11264 сомдон 16896 сомго);
орто медициналык кызматкерлер үчүн 20% (медайымдардын маянасы 9856 сомдон 11968 сомго);
кенже кызматкерлер үчүн (санитарлар, тазалоочулар жана тез жардам айдоочулары) 10% (8096 сомдон 9152 сомго).
Бардык кошумча төлөмдөр жана үстөк акылар сакталып калган. 2024-жылдын жыйынтыгы боюнча, республика боюнча дарыгерлердин орточо эмгек акысы 34100 сомду түзгөн.
1-шаардык клиникалык ооруканадагы реанимация бөлүмүнүн санитаркасы Даутова Н.У. тарабынан түшкөн арыз боюнча:
2025-жылдын март айындагы эмгек акы эсептөөлөрү төмөнкүдөй болду:
базалык маяна: 9152 сом,
жуугуч жана дезинфекциялоочу каражаттар менен иштегени үчүн 25% үстөк: 2288 сом,
кан менен иштегени үчүн 15% үстөк: 1372,8 сом,
түнкү сменада 56 саат иштегени үчүн: 1621,87 сом,
майрамдык күндөрдө 8 саат иштегени үчүн: 463,39 сом,
КТК боюнча кошумча эмгек акы: 3171,94 сом (март айында комиссия 1 балл койгон),
Бишкек шаарынын саламаттык сактоо уюмдары үчүн ай сайын берилүүчү кошумча төлөм: 1500 сом.
Ушунун ичинен киреше салыгы, Социалдык фондго жана профсоюз фондго чегерүүлөр жалпы 3849 сомду түзгөн. Натыйжада Даутова Н.У. март айында колуна 15721 сом алган.
Жогоруда белгиленгендей, КТК ай сайын өзгөрүшү мүмкүн. Мисалы:
Октябрь 2024-ж. – 6604,61 сом;
Ноябрь 2024-ж. – 5421,54 сом;
Декабрь 2024-ж. – 6620,90 сом;
Январь 2025-ж. – 5223,50 сом;
Февраль 2025-ж. – 0 сом (эмгек өргүүсү);
Март 2025-ж. – 3171,94 сом.
Саламаттык сактоо министрлиги 2025-жыл үчүн саламаттык сактоо тармагына кошумча каржылык каражат бөлүү мүмкүнчүлүгүн караштыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине бир нече жолу жазуу түрүндө кайрылган.
Кызматкерлердин эмгек акысын мындан ары жогорулатуу медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртууга, кызматкерлердин канааттануусун жогорулатууга жана башка тармактарга адистердин кетүүсүн азайтууга өбөлгө түзөрүн түшүнүп, бул маселе Саламаттык сактоо министрлиги үчүн артыкчылыктуу багыт болуп саналат.