• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

«Медицина азыр мышык ыйлаарлык абалда». Министр Бейшеналиев өзүн сындагандарга жооп берди

20 Жалган куран 2022 10:09 Бишкек Govori.TV

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев өзүн сындап жаткандарга жооп берди. Ал коомчулукта айтылган сын-пикирлерге карабай реформа жасоону уланта бере турганын айткан.

«Кооз сүйлөй албайм. Медицина азыр мышык ыйлаарлык абалда. Же туура эмеспи? Бул тармакты медицинадагы ишкерлер менчиктештирип алганы калппы? Бирок силер дагы мени түшүнгүлө» — деген ал.

Бейшеналиев аймактарда медиктер тартыш экенин жана мамлекеттик лабораториялар иштебей турганына токтолгон.

«Саламаттык сактоо системасынын башкармалыгына аткаминер катары эмес, практик катары келгем. Мен көп сүйлөп, аз иштегендерден эмесмин. Мен үчүн иш сөздөн да маанилүү. Колдонгон ыкмаларым орой экенин мойнума алам. Бирок биздин медицинанын азыркы абалын көргөндө эмоцияны тизгиндөө кыйын?» — деген министр.

Бейшеналиев Исманкуловдун клиникасына байланышкан чыр боюнча да үн каткан.

«Баары Бейшеналиев Исманкуловду кубалап жатканын көрдү. Ал мамлекеттик мекемеге мамлекеттин акчасына коммерциялык оорукана ачып алган. Ушунча убакыттан бери Исманкулов өзүнүн бизнесин түптөп алып, насыяны кайтарып берүүгө эмне тоскоол болду? Жок, ал жогорку жактагылардын колдоосу менен жакшынакай иштеп, акча таап отурган. Мен коомчулукта айтылган сын-пикирлерге карабай реформа жасоону уланта берем. Медицинаны жеткиликтүү жана заманбап кылам», — деген Бейшеналиев.

Количество просмотров: 3261