• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Медициналык беткаптар кошумча нарк салыгын төлөөдөн бошотулду

17 Жалган куран 2020 17:53 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын аймагына жеткирүүдө жана импорттоодо медициналык беткаптар кошумча нарк салыгын төлөөдөн бошотулду. Тийиштүү чечимге Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Бул чечим калкты медициналык багыттагы буюмдар менен камсыз кылуу максатында кабыл алынды.

Алдыга коюлган милдеттерге жетишүү үчүн 2013-жылдын 24-январындагы № 31 «Кыргыз Республикасынын аймагына жеткирүүдө жана импорттоодо КНС төлөөдөн бошотулган дары-дармек каражаттарынын тизмесин бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди.

Белгилей кетсек, Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму буга чейин дүйнөдө коронавирустун пандемиясын жарыялаган.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун калк үчүн жаңы коронавирус инфекциясынын (2019-nCoV) жайылышына байланыштуу негизги сунуштарынын бири милдеттүү түрдө медициналык беткап тагынуу болуп саналат.

Количество просмотров: 78