• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Сыртка пияз экспорттоого салынган тыюу алынды

24 Бирдин айы 2023 16:41 Бишкек Govori.TV

Айыл чарба министрлиги сыртка пияз экспорттоого салынган тыюуну алды. Мекеменин басма сөз кызматы мындай чечим ата мекендик өндүрүшчүлөрдү колдоо жана экспорттук потенциалын жогорулатуу максатында кабыл алынганын билдирди.

Кыргызстанда пиязды сыртка экспорттоого 31-январда үч айга тыюу салынган. Пияздын бардык түрүнө байланыштуу мындай чара азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана социалдык маанилүү товарлардын баасынын жогорулап кетишине жол бербөө максатында көрүлгөнү белгиленген.

18-январда Казакстандын өкмөтү да өлкө ичиндеги бааларды турукташтыруу үчүн пияз экспортун үч айга токтоткон.

«Үчүнчү өлкөлөрдө казак пиязына болгон суроо-талаптын өсүшү Пакистандагы жаратылыш кырсыктарына байланыштуу. Бул өлкө Азиядагы жана дүйнөдөгү ири пияз өндүрүүчү болуп эсептелет. Андагы суу ташкындарынан улам пияздын дүйнөлүк, анын ичинде биздин өлкөдөгү баасы да кыйла жогорулады», – деп жазылган Казакстандын Айыл чарба министрлигинин билдирүүсүндө.

Количество просмотров: 68